17-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары ант берип, парламенттин 8-чакырылышы ишин расмий баштады. Беш депутаттык топ түзүлүп, Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин төрагалыгына экинчи жолу шайланды. Парламенттин бул чакырылышы канчалык эркин, көз карандысыз болот деген суроо күн тартибинде турат.
Биринчи сессияда беш депутаттык топ түзүлүп, парламенттин төрагалыгына Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан шайланды. Деген менен парламенттин бул чакырылышы канчалык эркин, көз карандысыз болот деген суроолор жаралды.
17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары ант берип, ишке киришти. Парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтүп, 90 мандаттын 87сине депутат шайланган.
Орусиянын Украинага согуш ачканын сындаган ырчы Валерий Меладзенин Бишкекте 3-декабрга пландалган концертине уруксат берилген жок. Маданият министрлиги муну жобого байланыштырды. Таанымал ырчы 60 жылдык юбилейине жана чыгармачылыгынын 30 жылдыгына карата Борбор Азияда турне менен жүргөн.
Апта башында Агартуу министрлиги В, С категорияларындагы айдоочуларды он айдан бир жылга чейин окутуу боюнча сунушун коомдук талкууга чыгарган.
Өлкө бюджети эмненин эсебинен өсүп жатат? Экономиканын арышы пайдасын бардык катмарга текши берип жатабы?
Түркияда жогорку билим алып, ал жактын мамлекеттик дипломун алган соң мекенине кайтып, мугалимдик кесипти ийгиликтүү аркалаган Азамат Нурмат уулу Стамбулда дээрлик сегиз ай созулган үй камагынан бошонуп, мекенине кайтып келди. Сот уланууда. Өзү түрк бийлиги койгон айыптарды толук четке кагууда.
Соңку жылдары Кыргызстан менен Түркмөнстан алака-катышты жандантууга аракет кылып келет. Эки өлкө мындан беш жылдай мурун өнүктүрүү фондун түзүүнү макулдашканы менен ал азырынча ишке аша элек.
XX кылымдын соңу постсоветтик өлкөлөрдүн тарыхындагы өзгөчө доор болуп калды.
Баткенде бир үй-бүлөдөгү үч кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы териштирилип жатат. 7-декабрда кечинде Кадамжайда, Ош–Раззаков унаа жолунда болгон кырсыктан жубайлар жана өспүрүм кызы каза болду. Кырсыкка себепчи деп шектелип жаткан айдоочу ички иштер кызматкери экени айтылууда.
Дагы жүктөңүз